орой2
- Одоно, олдоксон; корс.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күч келтирип айабай, / Тартып жаткан арканы, / Кесилетке тийиптир, / Орой тийген чачылып, / Күүсү менен аркандын, / Элүүчөсү өлүптүр, / Кеңкула менен Кененим, / Кесилетти көрүптүр, / Эр кененим жеткени, / Кылыч менен мойнунан, / Кыйа чаап өттү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бел кармашып эки эр, / Нар буурадай жөөлөшүп, / Көөдөндөшүп калышып, / Орой кармап кемерден, / Балбан колун салышып, / Анткен менен дагы эле, / Чама жетпей, чарк келбей, / Булар турат тайышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жергелүү көкжал Семетей, / Каккан экен ченебей, / Каарданган Кутургур, / Карап калган кеңгиреп, / Эчтемени элебей, / Ойроту жок эр Семең, / Үзөңгүгө тамандап, / Кобо калып чокуга, / Оройлотуп жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көрүстөндө көп арбак, / Оройлору дагы урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мунум орой айтылды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →