орой1

китептерде 69 жолу, 9 китепте орой 2 →
  1. Бет, жүз.
  2. Ырай, үрөй, түр.
  3. Элес маанисинде да айтылат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күч келтирип айабай, / Тартып жаткан арканы, / Кесилетке тийиптир, / Орой тийген чачылып, / Күүсү менен аркандын, / Элүүчөсү өлүптүр, / Кеңкула менен Кененим, / Кесилетти көрүптүр, / Эр кененим жеткени, / Кылыч менен мойнунан, / Кыйа чаап өттү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бел кармашып эки эр, / Нар буурадай жөөлөшүп, / Көөдөндөшүп калышып, / Орой кармап кемерден, / Балбан колун салышып, / Анткен менен дагы эле, / Чама жетпей, чарк келбей, / Булар турат тайышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жергелүү көкжал Семетей, / Каккан экен ченебей, / Каарданган Кутургур, / Карап калган кеңгиреп, / Эчтемени элебей, / Ойроту жок эр Семең, / Үзөңгүгө тамандап, / Кобо калып чокуга, / Оройлотуп жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көрүстөндө көп арбак, / Оройлору дагы урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мунум орой айтылды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →