мушташ2

китептерде 6 жолу, 5 китепте мушташ 1 →
  1. Бирин-бири муштап, койгулашып урушуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Заманды, Жоомарт, Буйтуна, / Бирден-бирден мушташты, / Дөөкүрсүгөн эрлерди, / Кыргыздын Асыл баласы, / Кара жерди жыттатты, / Илебин менен Сакычак – / Экөөнү катар сулатты, / Беттешип чыккан ким болсо, / Тоо да болсо кулатты, / Тобу менен сулатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карсылдашып койушуп, / Кадимки сайыш болушуп, / Алдында минген аттары, / Тизгин тартып чойушуп, / Найзаны канга чыкташып, / Барган сайын өчөшүп, / Бирине-бири ыкташып, / Кыйгай кармап жарагын, / Кыйамына келтирип, / Жан айабай мушташып, / Кызык уруш мезгилде, / Кызыгышкан кезинде, / Чигитей келди ал кезде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…өнгө башка түр чыгып, / Ажыдаардай аркырап, / Айбаты башка сүр чыгып, / Күн кечкирип, түн келип, / Түн сүрүлүп таң келип, / Кара жанга күч келип / Какпай найза мушташып, / Учун канга чыкташып, / Өчөгүшкөн баатырлар, / Өлүмдү албай эсине, / Ого бетер ыкташып, / Ойунда турат булардын, / Бирин бири кетмекке, / Кара жерге тапташып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Найза менен мушташып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
– Эмне мушташып жатасыңар? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →