мушташ1
- Бирин-бири муштап, кол жумшап урушкан уруш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Заманды, Жоомарт, Буйтуна, / Бирден-бирден мушташты, / Дөөкүрсүгөн эрлерди, / Кыргыздын Асыл баласы, / Кара жерди жыттатты, / Илебин менен Сакычак – / Экөөнү катар сулатты, / Беттешип чыккан ким болсо, / Тоо да болсо кулатты, / Тобу менен сулатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карсылдашып койушуп, / Кадимки сайыш болушуп, / Алдында минген аттары, / Тизгин тартып чойушуп, / Найзаны канга чыкташып, / Барган сайын өчөшүп, / Бирине-бири ыкташып, / Кыйгай кармап жарагын, / Кыйамына келтирип, / Жан айабай мушташып, / Кызык уруш мезгилде, / Кызыгышкан кезинде, / Чигитей келди ал кезде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…өнгө башка түр чыгып, / Ажыдаардай аркырап, / Айбаты башка сүр чыгып, / Күн кечкирип, түн келип, / Түн сүрүлүп таң келип, / Кара жанга күч келип / Какпай найза мушташып, / Учун канга чыкташып, / Өчөгүшкөн баатырлар, / Өлүмдү албай эсине, / Ого бетер ыкташып, / Ойунда турат булардын, / Бирин бири кетмекке, / Кара жерге тапташып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Найза менен мушташып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
– Эмне мушташып жатасыңар?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →