көөлө2

китептерде 6 жолу, 4 китепте көөлө 1 →
  1. Казуу, оюу, үңүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түнүндө каңгай камданып, / Тирүү калган кишинин, / Баары калбай жамдалып, / Ортону көөлөп ор казып, / Көпчүлүк түндө бүтүрүп, / Бекбачаны орого, / Алабыз деп түшүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кекилик кармап алчуудай, / Кишиге кылтак жайасың, / Түлкү кармап алчудай, / Жер көөлөп капкан курасың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Баатыр Манас өлгөндө, / Эл чогулуп жыйылып, / Алып барып көмгөндө, / Мекеден келген беш ажы, / Кетмен менен ойдуруп, / Үйүнүн ичин кең кылып, / Алты күнү эрикпей, / Казмак кылып ойдуруп, / Жер көөлөтүп койдуруп, / Ак саргыл бээни сойдуруп, / Кызыл тилла чачтырып, / Кыйамат жолун ачтырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Ор каздырып көөлөтүп, / Кыргыз жыйып өлүгүн, / Жоолуу күнү болгондо, / Өлүк көммөк жайы ушул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Элебестин алдында жайнап турган «дүрдүйнө» — сүткө көөлөнгөн бир чөйчөк талкан! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →