көөлө1
- Көө жугузуу.
- Көөсүн кетирүү, тазалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түнүндө каңгай камданып, / Тирүү калган кишинин, / Баары калбай жамдалып, / Ортону көөлөп ор казып, / Көпчүлүк түндө бүтүрүп, / Бекбачаны орого, / Алабыз деп түшүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кекилик кармап алчуудай, / Кишиге кылтак жайасың, / Түлкү кармап алчудай, / Жер көөлөп капкан курасың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Баатыр Манас өлгөндө, / Эл чогулуп жыйылып, / Алып барып көмгөндө, / Мекеден келген беш ажы, / Кетмен менен ойдуруп, / Үйүнүн ичин кең кылып, / Алты күнү эрикпей, / Казмак кылып ойдуруп, / Жер көөлөтүп койдуруп, / Ак саргыл бээни сойдуруп, / Кызыл тилла чачтырып, / Кыйамат жолун ачтырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ор каздырып көөлөтүп, / Кыргыз жыйып өлүгүн, / Жоолуу күнү болгондо, / Өлүк көммөк жайы ушул.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Элебестин алдында жайнап турган «дүрдүйнө» — сүткө көөлөнгөн бир чөйчөк талкан!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →