көнүк2
- Көнүү, үйрөнүү, адаттануу, такшалуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…а чунайтып, / Алдында минген буурулду, / Аркардай арыш чубалтып, / Чаң асманга созулуп, / Топуракты сапырып, / Кандим болгон Семетей, / Эр сайышка көп минип, / Көнүк болгон Тайбуурул, / Калыбекке капташып, / Карчыткан найза муштады, / Муштаганда Семетей, / Найзаны камга чыктады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…/ (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызылдын тизгинин, / Тең кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка кеткени, / Күрзүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, / Жата тургун эми деп, / Как өпкөнүн тушу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ар жаракка көнүгүн, / Абыдан тандап бөлүп ал, / Канча түркүм боло алсаң, / Душманга тийер көркүң ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көнүк болгон кызыл лөк, / Терекбай келет өбөктөп, / Терекбайга Сейитим, / Шилтетип чокмор чаптырбай, / Керээз кебин айттырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аттанып жөнөп алышты, / Куйушуна Чаткалдын, / Күн бата жетип барышты, / Аттары Кеңкол чөбүн жеп / Өздөрү көнүк сууну ичип, / Ал жерге конуп калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →