көнүк1

китептерде 13 жолу, 4 китепте көнүк 2 →
  1. Көнүмүш, көнгөн, үйрөнгөн адат, өнөкөт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…а чунайтып, / Алдында минген буурулду, / Аркардай арыш чубалтып, / Чаң асманга созулуп, / Топуракты сапырып, / Кандим болгон Семетей, / Эр сайышка көп минип, / Көнүк болгон Тайбуурул, / Калыбекке капташып, / Карчыткан найза муштады, / Муштаганда Семетей, / Найзаны камга чыктады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызылдын тизгинин, / Тең кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка кеткени, / Күрзүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, / Жата тургун эми деп, / Как өпкөнүн тушу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ар жаракка көнүгүн, / Абыдан тандап бөлүп ал, / Канча түркүм боло алсаң, / Душманга тийер көркүң ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көнүк болгон кызыл лөк, / Терекбай келет өбөктөп, / Терекбайга Сейитим, / Шилтетип чокмор чаптырбай, / Керээз кебин айттырбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аттанып жөнөп алышты, / Куйушуна Чаткалдын, / Күн бата жетип барышты, / Аттары Кеңкол чөбүн жеп / Өздөрү көнүк сууну ичип, / Ал жерге конуп калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →