күү2
- Бир нерсе урагандан же адамдар чогуу дуулдагандан ж.б. дуу этип чыккан дабыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кумдай болуп быркырап, / Алдына минген Темиркөк, / Урган таштай дыркырап, / Күүсү менен бул чочко.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күч келтирип айабай, / Тартып жаткан арканы, / Кесилетке тийиптир, / Орой тийген чачылып, / Күүсү менен аркандын, / Элүүчөсү өлүптүр, / Кеңкула менен Кененим, / Кесилетти көрүптүр, / Эр кененим жеткени, / Кылыч менен мойнунан, / Кыйа чаап өттү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күүсү менен найзанын, / Көмөлөтүп баратат, / Бет алган жагы чуркурап, / Туш-тушуна тарашат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куйруктан түтүн буу чыгып, / Обону карай созулуп, / Күүсүнө чыдап тура албай, / Көөнөргөн дубал-тамдардын, / Канчасы калды бузулуп, / Коргондору бүт элге, / Үйдө-эшикте олтурган, / Талаа-түздө жүргөнгө, / Доошу такыр угулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Досум, мага күүлөрүндү үйрөтүп койчу, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →