күү1

китептерде 145 жолу, 10 китепте күү 2 →
  1. Комузда чертилүүчү же башка музыкалык аспаптарда аткарылуучу музыкалык чыгарма, обон.
  2. Бир нерсенин эпкини, илеби.
  3. Бир нерсенин шары, кызуусу.
  4. Күч, ал, кайрат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кумдай болуп быркырап, / Алдына минген Темиркөк, / Урган таштай дыркырап, / Күүсү менен бул чочко. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күч келтирип айабай, / Тартып жаткан арканы, / Кесилетке тийиптир, / Орой тийген чачылып, / Күүсү менен аркандын, / Элүүчөсү өлүптүр, / Кеңкула менен Кененим, / Кесилетти көрүптүр, / Эр кененим жеткени, / Кылыч менен мойнунан, / Кыйа чаап өттү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күүсү менен найзанын, / Көмөлөтүп баратат, / Бет алган жагы чуркурап, / Туш-тушуна тарашат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куйруктан түтүн буу чыгып, / Обону карай созулуп, / Күүсүнө чыдап тура албай, / Көөнөргөн дубал-тамдардын, / Канчасы калды бузулуп, / Коргондору бүт элге, / Үйдө-эшикте олтурган, / Талаа-түздө жүргөнгө, / Доошу такыр угулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Досум, мага күүлөрүндү үйрөтүп койчу, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →