куу6

китептерде 842 жолу, 10 китепте куу 2 →куу 3 →куу 4 →куу 5 →куу 7 →
  1. Кубалоо, жетүү үчүн артынан түшүү, жетүүгө аракет кылуу.
  2. Куугунтукка алуу, кетип калууга аргасыз кылуу, сүрүү, кубалоо, четтетүү.
  3. Издөө, артынан түшүү.
  4. Артынан калбай доолай берүү, талап кылуу, өч, кек, кун ж.б. алуу аракетин кылуу.
  5. Мурастык, тектик, салттык изди, белгини сактоо.
  6. Малдын же башка айбандардын эркеги ургаачысы менен тукумдашуу катышууда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ырас болсо хан Жанай, / Бейбаштык кылган моңгулга, / Калбалашып кол салбай, / Четтен талап мал албай, / Киши өлтүрүп жан албай, / Кунун кууп өлгөндүн, / Кан ордуна кан албай, / Сага барса болбойбу, / Сени көрүп Курчун хан, / Бүгүн таба койгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…кей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кийинки жылы куу чаар бээ, / Дагы бирди тууганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Ынтымак, дөөлөт - бир тууган”, / Бузулбаса ынтымак, / Дөөлөттү бузуп ким кууган? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Сол куу пейил неме сендерге да жөнди тамак бирмес ав деймин... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →