куу2
- Оттук чагып тутантуу үчүн атайын даярдалган тез тутанган куурай, отун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ырас болсо хан Жанай, / Бейбаштык кылган моңгулга, / Калбалашып кол салбай, / Четтен талап мал албай, / Киши өлтүрүп жан албай, / Кунун кууп өлгөндүн, / Кан ордуна кан албай, / Сага барса болбойбу, / Сени көрүп Курчун хан, / Бүгүн таба койгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…кей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кийинки жылы куу чаар бээ, / Дагы бирди тууганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Ынтымак, дөөлөт - бир тууган”, / Бузулбаса ынтымак, / Дөөлөттү бузуп ким кууган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Сол куу пейил неме сендерге да жөнди тамак бирмес ав деймин...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →