кир3
- Бир нерсенин ичин көздөй өтүү, ичине карай баруу, багыт алуу, ичинде болуу.
- Белгилүү бир жайга келип жетүү, келүү.
- Берилген, кызыккан абалда болуу.
- Жуулганда, суу болгондо тыгыздалып, кичирейип калуу, кыскаруу (мис. кездеме, кийим-кече ж.б.).
- Чыгуу, келүү.
- Белгилүү бир уюмдун мүчөлүгүнө өтүү көпчүлүк тарабынан шайланган топтун составында болуу, окуу жайына ж.б. кабыл алынуу, өтүү.
- Басуу, каптоо.
- Кандайдыр бир нерсени аткарууга, иштөөгө киришүү, аткара баштоо.
- Толуу, жетилүү, пайда болуу.
- Көпчүлүктүн же бир нече адамдын бириккен тобуна, жыйынына ж.б. катышуу, ичинде болуу.
- Бирөөнүн кебине, таасирине берилип, кошулуп кетүү, кандайдыр бир нерсеге алынуу, артынан түшүү.
- Куут мезгилинде каарына келген, жинденген абалда болуу (буура, бука ж.б. карата).
- Көбөйүү, ташкындоо, күкүктөнүү (сууга карата).
- Түшүү, башталуу, пайда болуу.
- Негизги этиш менен бирге айтылып, кандайдыр бир аракеттин, кыймылдын, окуянын ж.б. интенсивдүү башталышын же анын өөрчүгөн, күч алган абалын көрсөткөн көмөкчү этиш катары колдонулат.
- Түш көрүү, түшкө кирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Укса болот көңүл кир, / Жамандык жерге жашынбайт, / Ашкере чыгат баары бир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мааникер менен Аккула, / Жаба токуп минели, / Басып душман кол салса, / Баш тартпастан кирели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чубак, Сыргак бой уруп, / Аралап кирди көп элге, / Адам аккан бул селге, / Торун топтоп кармашып, / Тобу менен жармашып, / Эр Сыргакка он миңи, / Тегеректеп тор салып, / Канча тордун ичинде, / Сыргак калды капталып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оболбек менен Сетертай, / Төрттөн киши койгун деп, / Оргу-баргы чоголдон, / Ошондой киши болсун деп, / Чоголдон таап сегизди, / Таманын жерге тийгизбей, / Айдатып жолго киргизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эл дөңгө жуп чыгып, ары карай ашып кеткен кезде биз ошол кабакты бойлоп, төмөн карай кирип кеттик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →