кир2
- Таза эмес кирдеген көрүнүш, булганычтык.
- Жуула турган жана жуулуп тазартылган, ар кандай кийим-кече, шейшеп, бет аарчы, суулук ж.б. жалпы наамы.
- өт. Жаманатты, күнөө, айып.
- өт. Капа, таарыныч, ич күптү.
- өт. Кек, жамандык, жаман ниеттүүлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Укса болот көңүл кир, / Жамандык жерге жашынбайт, / Ашкере чыгат баары бир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мааникер менен Аккула, / Жаба токуп минели, / Басып душман кол салса, / Баш тартпастан кирели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чубак, Сыргак бой уруп, / Аралап кирди көп элге, / Адам аккан бул селге, / Торун топтоп кармашып, / Тобу менен жармашып, / Эр Сыргакка он миңи, / Тегеректеп тор салып, / Канча тордун ичинде, / Сыргак калды капталып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оболбек менен Сетертай, / Төрттөн киши койгун деп, / Оргу-баргы чоголдон, / Ошондой киши болсун деп, / Чоголдон таап сегизди, / Таманын жерге тийгизбей, / Айдатып жолго киргизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эл дөңгө жуп чыгып, ары карай ашып кеткен кезде биз ошол кабакты бойлоп, төмөн карай кирип кеттик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →