келишим2
- Көзгө мыкты көрүнгөн, келишкен келбет, сымбат, чырай, жарашык, көрк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…т, / Болжошуп койгон кеп эле, / Тар жылганын оозуна, / Ор каздыргын деди эле, / Кандек казып жатабыз, / Саламаттын кеби эле, / Караңгыда калдайып, / Ушул жерге келишим, / Мына ушундай кеп эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Анда Манас муну ойлоп, / Арстан үчүн так болжоп: / “Алла бердиң бишарат, / Аң уулап мында келишим, / Аңдаса марттык ишарат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Башын кестим баатырдын, / Канын ичтим капырдын / Кайра жанып келишим, / Койгунуң — деп — жанымды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Карпыктын мисирейген, май жукпас, жылаан көз келини менин келишимди гана күтүп тургандай, үйгө жаңы кире бергенде:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Сени жегеним болбойт, сага каалаган убагында жардамга келишим керек.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →