келишим1

китептерде 9 жолу, 6 китепте келишим 2 →
  1. Кандайдыр бир иш, маселе боюнча эки тараптын ар бирине тийиштүү милдеттер, максаттар, шарттар ж.б. көрсөтүлүп, өз ара макулдашылып кат жүзүндө жазылган бүтүм, чечим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…т, / Болжошуп койгон кеп эле, / Тар жылганын оозуна, / Ор каздыргын деди эле, / Кандек казып жатабыз, / Саламаттын кеби эле, / Караңгыда калдайып, / Ушул жерге келишим, / Мына ушундай кеп эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анда Манас муну ойлоп, / Арстан үчүн так болжоп: / “Алла бердиң бишарат, / Аң уулап мында келишим, / Аңдаса марттык ишарат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Башын кестим баатырдын, / Канын ичтим капырдын / Кайра жанып келишим, / Койгунуң — деп — жанымды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Карпыктын мисирейген, май жукпас, жылаан көз келини менин келишимди гана күтүп тургандай, үйгө жаңы кире бергенде: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Сени жегеним болбойт, сага каалаган убагында жардамга келишим керек. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →