каңгыра2

китептерде 50 жолу, 9 китепте каңгыра 1 →
  1. Урулганда, кагылганда каңгыр эткен дабыш чыгуу, каңгыр-каңгыр этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жандай чаап салбактап, / Убара болбос жакшы эмес, / Карды ачканды каңгырап, / Эгин издеп тамтаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кеңешели экөөбүз, / Табалы мунун айласын, / Мадыбек менен Мадана, / Тартабыз чындап балаасын, / Кара жер калсын каңгырап, / Таштайлы мунун Таласын, / Хан башыңда чабарман, / Болуптурсуң, Шоорук хан, / Башың менен кудук каз, / Кутулуп сен да калбайсың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арууке айаш, Көрпөйан, / Каңгайга барып каңгырап, / Ажырап келдим маминтип, / Алмамбет менен Чубактан, / Аталашым Сыргактан! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…масын, / Караанга алып келбесин, / Керекке келбес жармачын, / Караан болор эрлерге, / Каптап келчү элдерге, / Барбай жатып албасын, / Алдатып ханың канчыкка, / Каңгырап куру калбасын, / Эрегишсе эрдемсип, / Ойлосун тирүү калбасын, / Кол куушурса болду деп, / Чыгарбасын эсинен, / Сейиттин олжо албасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Каңгырап Бакай ыйлады, / Калдырап таштар кулады, / Анда Семей муну айтат: / — Кой, абаке, ыйлаба, / Асыл жанды кыйнаба, / Баатыр сендей болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →