каңгыра1
- Ээн калуу, эч ким жок бош калуу.
- Тентиреп, эч максатсыз каңгый берүү, эмне кыларын билбей башы катуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жандай чаап салбактап, / Убара болбос жакшы эмес, / Карды ачканды каңгырап, / Эгин издеп тамтаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кеңешели экөөбүз, / Табалы мунун айласын, / Мадыбек менен Мадана, / Тартабыз чындап балаасын, / Кара жер калсын каңгырап, / Таштайлы мунун Таласын, / Хан башыңда чабарман, / Болуптурсуң, Шоорук хан, / Башың менен кудук каз, / Кутулуп сен да калбайсың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Арууке айаш, Көрпөйан, / Каңгайга барып каңгырап, / Ажырап келдим маминтип, / Алмамбет менен Чубактан, / Аталашым Сыргактан!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…масын, / Караанга алып келбесин, / Керекке келбес жармачын, / Караан болор эрлерге, / Каптап келчү элдерге, / Барбай жатып албасын, / Алдатып ханың канчыкка, / Каңгырап куру калбасын, / Эрегишсе эрдемсип, / Ойлосун тирүү калбасын, / Кол куушурса болду деп, / Чыгарбасын эсинен, / Сейиттин олжо албасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Каңгырап Бакай ыйлады, / Калдырап таштар кулады, / Анда Семей муну айтат: / — Кой, абаке, ыйлаба, / Асыл жанды кыйнаба, / Баатыр сендей болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →