катык2
- Жазасын берүү, сокку уруу, кадемин катыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошондон бери карата, / Чыйралсын деп катыгып, / Унчукпастан мен койсом, / Ордонун ханы кол жыйнап, / Барамын деп келиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…үлүктөр үзүлүп, / Жакалары шалбырап, / Этектери далбырап, / Тил байланып так келбей, / Сүйлөй албай балдырап, / Тиктеп калып бир бирин, / Далайгача жалдырап, / Катыкүн уруш кылыптыр, / Чыдай албай Кесилет, / Жаткан болуп кечинде, / Эл уктаган мезгилде, / Коросон көздөй жылыптыр, / Элин таштап салыптыр, / Качып кетип калыптыр,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айран куйуп, токоч жаап, / Аш катыкка сүт алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Какшап ыйлап кеп айтам, / Катыга түшсүн деп айтам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Ии, балам, мен сени катыксын деп жатам, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →