катык1

китептерде 12 жолу, 5 китепте катык 2 →катык 3 →
  1. Жармага, көжөгө катыкталуучу айран, сүт, жуурат.
  2. Суюк оокат даярдоо, куурмачтоо үчүн жумшала турган эт, май.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошондон бери карата, / Чыйралсын деп катыгып, / Унчукпастан мен койсом, / Ордонун ханы кол жыйнап, / Барамын деп келиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…үлүктөр үзүлүп, / Жакалары шалбырап, / Этектери далбырап, / Тил байланып так келбей, / Сүйлөй албай балдырап, / Тиктеп калып бир бирин, / Далайгача жалдырап, / Катыкүн уруш кылыптыр, / Чыдай албай Кесилет, / Жаткан болуп кечинде, / Эл уктаган мезгилде, / Коросон көздөй жылыптыр, / Элин таштап салыптыр, / Качып кетип калыптыр,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айран куйуп, токоч жаап, / Аш катыкка сүт алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Какшап ыйлап кеп айтам, / Катыга түшсүн деп айтам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Ии, балам, мен сени катыксын деп жатам, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →