карылык3

китептерде 38 жолу, 9 китепте карылык 1 →карылык 2 →
  1. Чыканактын ичин карай бүктөлгөн жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манжунун ханы жол баштап, / Нарын кол менен кириптир, / Текес хан өлгөн алдында, / Ашка барып Күнөс хан, / Элдин калган артында, / Тың бастырып жүрө албай, / Карылыктын дартында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сен карылык кебиң сактапсын, / Кара нээт бузукту, / Билмемиш болуп таштапсың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бутумду көрчү абаке, / Тил албай койуп Чубагың, / Тарамышым зыркырап, / Кетип барат чыдамым, / Карылык кылып абаке, / Башын өөдө каратып, / Таштай тур бирден кулжаны, / Бакай барса кулжанын, / Мүйүзү тенде калыптыр, / Көзү менен тумшугун, / Ок учуруп салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карылыгың эмеспи, / Ажал турат — деп сүйлөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мышыктын карылыгы жетип, чычкан алып жешке кудурети келбей калды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →