карылык2
- Куранды мыкты окуу, куранкана болуу кесиби.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манжунун ханы жол баштап, / Нарын кол менен кириптир, / Текес хан өлгөн алдында, / Ашка барып Күнөс хан, / Элдин калган артында, / Тың бастырып жүрө албай, / Карылыктын дартында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сен карылык кебиң сактапсын, / Кара нээт бузукту, / Билмемиш болуп таштапсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бутумду көрчү абаке, / Тил албай койуп Чубагың, / Тарамышым зыркырап, / Кетип барат чыдамым, / Карылык кылып абаке, / Башын өөдө каратып, / Таштай тур бирден кулжаны, / Бакай барса кулжанын, / Мүйүзү тенде калыптыр, / Көзү менен тумшугун, / Ок учуруп салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карылыгың эмеспи, / Ажал турат — деп сүйлөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мышыктын карылыгы жетип, чычкан алып жешке кудурети келбей калды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →