карчыга2
- Союлган малдын же эти желе турган ири жапайы айбандардын этин мүчөлөп жиликтөөдө колдун алдындагы боконо кабырга, кара кабыргадан ылдый, кыраркадан ажыратылып кыртыштуу эти менен чыгуучу каптал бөлүк, кабыргалардан турган эти.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көк түпөк кызыл найзаны, / Көпчүлүккө мылгытып, / Найзага кирген немесин, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Карчыганын балык эт, / Май куйрукка мылгытып, / Зор Бактыбай, Турумбек, / Кызык уруш салыптыр, / Кылычтан канын чубуртуп, / Кыргын кылып салыптыр, / Он төрт хан Алаш аске…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…имерип, / Кара нээт калмактын, / Найзасын кагып жиберип, / Күү менен келген Чойун алп, / Жандап өтө бергенде, / Кеңкула оозун имерип, / Калдаңдаган калмакка, / Карчыганын балык эт, / Аркадан найза жиберип, / Баатырдан найза жеткени, / Жети кабат темир тон, / Бешөөнөн өтүп кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бозала туйгун болпондор, / Боз карчыга солтондор, / Бу дүйнөлүк жолдоштор, / Оо дүйнөлүк колдоштор, / Качырганы жолборстой, / Кармаганы илбирстей, / Кайсаганы карышкыр, / Бири миңге барабар, / Кара башы жалгыз бир, / Кайрандардан айрылдым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Султан Алмаң баатырдан, / Бала жолборс Гүлчоро, / Боз ала шумкар болпоңу, / Боз карчыга солтону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Карчыга: "Кокус мен кетип калсам, булар Жагалымды өлтүрүп коюшат, ошондуктан үйдөн эки-жакка чыкпайын" дейт да, жеңесине:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →