карчыга1

китептерде 89 жолу, 8 китепте карчыга 2 →
  1. Бир катар кыраан куштардын жалпы наамы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көк түпөк кызыл найзаны, / Көпчүлүккө мылгытып, / Найзага кирген немесин, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Карчыганын балык эт, / Май куйрукка мылгытып, / Зор Бактыбай, Турумбек, / Кызык уруш салыптыр, / Кылычтан канын чубуртуп, / Кыргын кылып салыптыр, / Он төрт хан Алаш аске… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…имерип, / Кара нээт калмактын, / Найзасын кагып жиберип, / Күү менен келген Чойун алп, / Жандап өтө бергенде, / Кеңкула оозун имерип, / Калдаңдаган калмакка, / Карчыганын балык эт, / Аркадан найза жиберип, / Баатырдан найза жеткени, / Жети кабат темир тон, / Бешөөнөн өтүп кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бозала туйгун болпондор, / Боз карчыга солтондор, / Бу дүйнөлүк жолдоштор, / Оо дүйнөлүк колдоштор, / Качырганы жолборстой, / Кармаганы илбирстей, / Кайсаганы карышкыр, / Бири миңге барабар, / Кара башы жалгыз бир, / Кайрандардан айрылдым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Султан Алмаң баатырдан, / Бала жолборс Гүлчоро, / Боз ала шумкар болпоңу, / Боз карчыга солтону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Карчыга: "Кокус мен кетип калсам, булар Жагалымды өлтүрүп коюшат, ошондуктан үйдөн эки-жакка чыкпайын" дейт да, жеңесине: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →