карал3

китептерде 25 жолу, 9 китепте карал 2 →
  1. Мөөнөт, белгиленген убакыт чеги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Буркулдап жетти Каралөк, / Боздоп жетти куу инген, / Алып келген эр Сыргак, / Кум баашасы кумара, / Соогага берген бул инген, / Кумдан Сыргак таап алган, / Тайлакты тапкан жерине, / Келтайлак деп ат алган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Угуп алды бар кебин, / Шоорук кайра басканда, / Чатырга кайра келе албай, / Чигитей тапсам айтам, деп, / Табалбасам баатырды, / Таласка барсам табам, деп, / Арамдын ушул кептерин, / Баатырга барып айтпасам, / Канткенде карал табам, деп, / Чигитейге барам, деп, / Жөлөндү төшкө карагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Акылман баатыр Жетилбай, / Атын айап баарыдан, / Каралдуу күнү бүткөндө, / Ат өргүтүп жатышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Абайлап байкап караса, / Алакандай арал жок, / Аркыраган чоң суунун, / Киргенинде карал жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көөкөрү менен сабаасын, / Байлар жакшы кылдасын, / Саамал берип кымызды, / Келгендер шылдың кылбасын, / Кыйыгы чыкса кем-керчиң, / Каралөктүн Сомбилек, / Жаныңды кыйып тынбасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →