карал2
- Кул, малай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Буркулдап жетти Каралөк, / Боздоп жетти куу инген, / Алып келген эр Сыргак, / Кум баашасы кумара, / Соогага берген бул инген, / Кумдан Сыргак таап алган, / Тайлакты тапкан жерине, / Келтайлак деп ат алган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Угуп алды бар кебин, / Шоорук кайра басканда, / Чатырга кайра келе албай, / Чигитей тапсам айтам, деп, / Табалбасам баатырды, / Таласка барсам табам, деп, / Арамдын ушул кептерин, / Баатырга барып айтпасам, / Канткенде карал табам, деп, / Чигитейге барам, деп, / Жөлөндү төшкө карагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Акылман баатыр Жетилбай, / Атын айап баарыдан, / Каралдуу күнү бүткөндө, / Ат өргүтүп жатышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Абайлап байкап караса, / Алакандай арал жок, / Аркыраган чоң суунун, / Киргенинде карал жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көөкөрү менен сабаасын, / Байлар жакшы кылдасын, / Саамал берип кымызды, / Келгендер шылдың кылбасын, / Кыйыгы чыкса кем-керчиң, / Каралөктүн Сомбилек, / Жаныңды кыйып тынбасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →