кара4

китептерде 4911 жолу, 10 китепте кара 1 →кара 2 →кара 3 →
  1. Бирөөнү же бир нерсени көрүү үчүн көз жүгүртүү, көз салуу, көрүү сезими аркылуу байкап чыгуу.
  2. Белгилүү бир тарапты, багытты карай баш буруу, багытталуу.
  3. Кандайдыр бир ишти, маселени талкууга алуу, текшерүү жүргүзүү.
  4. Малдын куутун билдирүү үчүн колдонулат.
  5. Белгилүү бир убакыттын, мезгилдин өтүшү же бирөөнүн канчага келгенин, канча жашка чыкканын ж.б. билдирүү үчүн колдонулат.
  6. Карамагына өтүү, тийиштүү болуу.
  7. Көңүл буруу, көз салуу, кам көрүү, каралашуу, асыроо.
  8. Сарп кылууну, коротууну же кандайдыр бир керекке жаратууну каалабоо, аёо, сараңдык кылуу.
  9. Тамак-аштан алгыла, жегиле деп сунуш кылуу, өтүнүү маанисинде айтылат.
  10. Кандайдыр бир ишке, окуяга таң калуу, өкүнүү же аны мактоо, кубаттоо маанисинде айтылат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алдында кызмат кылыптыр, / Кытайдын келип баласы, / Кара эмес хан экен, / Чечекейдин карасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бул экөө эл ичиндеги бузукуларды, митаамдардй, кара ниеттерди тазалап жок кылышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →