кара3
- Көмүргө, көөгө окшогон түс, өң.
- Ушул түстүн башка өң менен аралашкан, кошулган түрүн атоо үчүн колдонулат.
- Жалаң, башка эч нерсе аралашпаган, катышпаган, карандай.
- өт. Жазуу.
- Адаты, ой-санаасы, адамга кылган мамилеси ж.б. жагынан терс мүнөздө экендигин көрсөтүүдө колдонулат.
- Өлүмгө байланыштуу түшүнүктөрдү атоодо колдонулат.
- Айыбы, күнөөсү бар, ак эмес.
- Кары жок, кар жатпай, карарып турган абал.
- Башкалардан өзгөчөлөнбөгөн, даражасы, мансабы жогору деп таанылбаган, жөнөкөй, карапайым кара калк.
- Эл, көпчүлүк масса.
- Кулдарды, күңдөрдү же башка бейбечараларды кемсинтүү, «кем» деп баалоо маанисинде айтылган эпитет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алдында кызмат кылыптыр, / Кытайдын келип баласы, / Кара эмес хан экен, / Чечекейдин карасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бул экөө эл ичиндеги бузукуларды, митаамдардй, кара ниеттерди тазалап жок кылышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →