кама2

китептерде 125 жолу, 10 китепте кама 1 →
  1. Быша элек көк жемишти (алма, өрүк ж.б.) жегенден улам тиш какшап ооруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күн бешимге жеткинче, / Он эки баатыр балбандан, / Башын кесип алганы, / Бирөө тирүү калбады, / Бирин-бирге жеткирбей, / Бирден сайып жайлады, / Артындакы он миңди, / Короодо койдой айдады, / Чагандынын ийри жар, / Айдап барып камады, / Абдан дайнын сурады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Багдат, Мисир, Кудусту, / Жөөттөр камап турганда, / Жөндөп берген Кененим, / Барган менен аларга, / Батырбасын билемин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып кебин жапырды: / — Бергени болсо албайбы, / Мени камап олтурбай, / Белгисиз жолго салбайбы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөн күлүп кеп айтат: / — Абаке, жаткын сен үйдө, / Мен барайын ал жерге, / Сейтек келер он күндө, / Мен келбесем аңгыча, / Жиберип ийгин издерге, / Семетей ага болбоду: / — Кагылайын, Гүлчоро, / Камап келип жоо турса, / Жатып алсам болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →