кама1

китептерде 125 жолу, 10 китепте кама 2 →
  1. Туш-тушунан курчоого алуу, тегеректеп имерүү, короого же башка жайга чыгарбай бекитип коюу.
  2. Камакка алуу, түрмөгө салуу, отургузуу.
  3. өт. Бирөөнү сөзгө жыгып, уялтып кысымга алуу, сөз менен опузалап, айласын кетирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күн бешимге жеткинче, / Он эки баатыр балбандан, / Башын кесип алганы, / Бирөө тирүү калбады, / Бирин-бирге жеткирбей, / Бирден сайып жайлады, / Артындакы он миңди, / Короодо койдой айдады, / Чагандынын ийри жар, / Айдап барып камады, / Абдан дайнын сурады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Багдат, Мисир, Кудусту, / Жөөттөр камап турганда, / Жөндөп берген Кененим, / Барган менен аларга, / Батырбасын билемин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып кебин жапырды: / — Бергени болсо албайбы, / Мени камап олтурбай, / Белгисиз жолго салбайбы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөн күлүп кеп айтат: / — Абаке, жаткын сен үйдө, / Мен барайын ал жерге, / Сейтек келер он күндө, / Мен келбесем аңгыча, / Жиберип ийгин издерге, / Семетей ага болбоду: / — Кагылайын, Гүлчоро, / Камап келип жоо турса, / Жатып алсам болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →