калың2
- Жука эмес, кабаттуу, катмарлуу.
- Табагына каймагы калың турат (Сыдыкбеков).
- Өтө көп, жер жайнаган.
- Өтө жыш, коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…үч кетпейт, / Чынын айтсам буларга, / Өзүбектин эр Мурат, / Ошондо бир аз шек турат; / Алтай, Иле, Шерматкан, / Лопнурдагы хан Матан, / Азыр болгон ар кимиң, / Калың топто капташсаң, / Ошол экөө эң жаман.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз калың эл, / Ак чач болгон байбиче, / Ак сакалдуу карың кел, / Кызкалдактай гүлдөгөн, / Кыз-уулдун бары кел, / Айтып жатып айкөлдү, / Суусадым, келе кымыз бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Апы, Напы баштаган, / Алтымыш барсың сыйкырчы, / Бөлүнүп четте калыңар, / Манас менен келгенге, / Мени билбес жинди элге, / Сыйкырды чындап салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атбашыдан аттанып, / Мазейил белин ашыптыр, / Музой Калча жетем деп, / Эң эле жаман шашыптыр, / Калың Калча кеп угуп, / Жалгызек келди деп угуп: / — Музой Калча, оңбой кал, / Байлап бербей бүркүттү, / Убара кылып баатырды, / Мунуң жакшы иш эмес, / Колкосун бере…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эки жаагы менен ээгинин са калынын узундугу бирдей.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →