калың1

китептерде 515 жолу, 10 китепте калың 2 →
  1. Күйөөгө чыккан кыздын ата-энесине кудалар тарабынан берилген мал-мүлк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…үч кетпейт, / Чынын айтсам буларга, / Өзүбектин эр Мурат, / Ошондо бир аз шек турат; / Алтай, Иле, Шерматкан, / Лопнурдагы хан Матан, / Азыр болгон ар кимиң, / Калың топто капташсаң, / Ошол экөө эң жаман. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз калың эл, / Ак чач болгон байбиче, / Ак сакалдуу карың кел, / Кызкалдактай гүлдөгөн, / Кыз-уулдун бары кел, / Айтып жатып айкөлдү, / Суусадым, келе кымыз бер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Апы, Напы баштаган, / Алтымыш барсың сыйкырчы, / Бөлүнүп четте калыңар, / Манас менен келгенге, / Мени билбес жинди элге, / Сыйкырды чындап салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атбашыдан аттанып, / Мазейил белин ашыптыр, / Музой Калча жетем деп, / Эң эле жаман шашыптыр, / Калың Калча кеп угуп, / Жалгызек келди деп угуп: / — Музой Калча, оңбой кал, / Байлап бербей бүркүттү, / Убара кылып баатырды, / Мунуң жакшы иш эмес, / Колкосун бере… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эки жаагы менен ээгинин са калынын узундугу бирдей. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →