калдай3
- Өтө чоң, көлөмдүү болуп көрүнүү, далдаюу.
- Эби-сыны жок, ийкемсиз көрүнүштө болуу, далдагай тартып көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…уу берип, / Көзүн ачып жер көрүп, / Ордунан коппой солк этип, / Эки күн жатып көгөрүп, / Караңгыда жөнөдү, / Жылдыздан шуру тагынып, / Башына чүмкөй чапанды, / Калдайта кара жамынып, / Жатарга таппай айланы, / Жаш баатырды сагынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененимден жооп алып, / Калкына келди Талана, / Кара тоодой калдайып, / Барып түштү айлына, / Көк камандай дардайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Анда ойлонду эр Сыргак: / “Алдымдагы калдайган, / Коңурбай го байкасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хан жумшаса калдайып, / Карап Токой турбады, / Чаңчыкпас минип дууланып, / Жаны жыргап кубанып, / Таласты карай жол алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жазгы келген келгиндей, / Коргонду көздөй күйүлүп / Канчоро менен хан Кыйаз, / Кара шаар калаасын, / Калдайтып басып өттү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →