калдай1

китептерде 338 жолу, 10 китепте калдай 2 →калдай 3 →
  1. тар. Монгол, калмак элдериндеги жогорку мансаптуу адамдын чини.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…уу берип, / Көзүн ачып жер көрүп, / Ордунан коппой солк этип, / Эки күн жатып көгөрүп, / Караңгыда жөнөдү, / Жылдыздан шуру тагынып, / Башына чүмкөй чапанды, / Калдайта кара жамынып, / Жатарга таппай айланы, / Жаш баатырды сагынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кененимден жооп алып, / Калкына келди Талана, / Кара тоодой калдайып, / Барып түштү айлына, / Көк камандай дардайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анда ойлонду эр Сыргак: / “Алдымдагы калдайган, / Коңурбай го байкасам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Хан жумшаса калдайып, / Карап Токой турбады, / Чаңчыкпас минип дууланып, / Жаны жыргап кубанып, / Таласты карай жол алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жазгы келген келгиндей, / Коргонду көздөй күйүлүп / Канчоро менен хан Кыйаз, / Кара шаар калаасын, / Калдайтып басып өттү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →