как4

китептерде 779 жолу, 10 китепте как 1 →как 2 →как 3 →как 5 →
  1. Казык, мамы, мык ж.б. учтуу нерселерди уруп киргизүү, житирүү.
  2. Тыкылдатып ургулоо, чапкылоо.
  3. Бир нерсени (мис, кийим-кечеге жуккан чаңды, чөп-чарды же дарактын жемиштерин ж.б.) күбүп түшүрүү, силкүү, каккылоо.
  4. Өзүнөн алыстатуу, жолотпоо, четтетүү үчүн уруп, чаап жиберүү.
  5. Дабыш салыш, үн чыгарыш үчүн бир нерсени ургулоо, каккылоо.
  6. Бастыруу же жүрүшүн ылдамдатуу үчүн аттын башын (тизгинин, божусун) силкип, тартып коюу.
  7. Канатын күүлөп серпүү, шилтөө.
  8. Кашын же ийнин серпилтип көтөрүү, силкинтүү.
  9. Уруп туруу (мис. сааттын маятниги), иштөө, согуп туруу (жүрөк, кан тамырлары ж.б.).
  10. Ооз комуздун тетигин (тилин) колдун учу менен серпилте шилтеп, күүгө келтирүү.
  11. Бирөөнүн айткандарын жактырбай, туура көрбөй урушуп коюу, тыйып коюу, десин кайтара сөз айтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачаны жалтанбай, / Найза менен муштады, / Сайдырбастан Бекбача, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза м… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кааладым, келдим диниңди, / Хан Манас экөөң бирикчи, / Кагамын деген жиниңди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүткө кошуп Айчүрөк, / Как ушундай дарыдан, / Кулагына тамызып, / Көзгө сыйпап жиберип, / Сулумсур деген жоолук бар, / Артына аарчып имерип, / Аңгыча Бакай абаңыз, / Кыл мурутун сылады, / Сылап кайра тарткыча, / Бир мурут чыга калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Иий, мына бит, иий, мына сирке, – демиш болуп олтуруп, кыздын мээсине теменесин кагып жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →