как2
- Суусу кургап, кагырап калган, суу жетпеген (жерге карата).
- Кургаган, нымы калбай какшып калган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачаны жалтанбай, / Найза менен муштады, / Сайдырбастан Бекбача, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза м…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кааладым, келдим диниңди, / Хан Манас экөөң бирикчи, / Кагамын деген жиниңди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүткө кошуп Айчүрөк, / Как ушундай дарыдан, / Кулагына тамызып, / Көзгө сыйпап жиберип, / Сулумсур деген жоолук бар, / Артына аарчып имерип, / Аңгыча Бакай абаңыз, / Кыл мурутун сылады, / Сылап кайра тарткыча, / Бир мурут чыга калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Иий, мына бит, иий, мына сирке, – демиш болуп олтуруп, кыздын мээсине теменесин кагып жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →