казына2

китептерде 51 жолу, 10 китепте казына 1 →
  1. эск. Өкмөт, мамлекет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мынча күндүн алдында, / Казынага мен барсам, / Жыйып койгон текчеден, / Чачылыптыр маталар, / Жыйнайын деп карасам, / Нурфану деп аты бар, / Алда кандай заман деп, / Келер бекен аман деп, / Мен жүргөнмүн кайгы жеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Казынада элдерге, / Жатып жеген эрлерге, / Жалпы баарың жүргүн, деп, / Жарлык кылды бүт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алтыны кумдай чачылып, / Казына оозу ачылып, / Карып, жалчы, мискиндер, / Миң койлук оокат табышып, / Койун-кончко каткан бар, / Чөнтөгүнөн ашырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ошентип талаа мужуктарга, тоо — казынага өтүп, биз күн көрүштөн калдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кандын казынасын чачты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →