казына1
- Алтын, күмүш же ар кандай баалуу буюмдар, байлык, мүлк.
- Ушул баалуу буюмдар сакталуучу жай.
- өт. Байлык, кен.
- өт. Руханий байлык, акыл-эс байлыгы.
- Мамлекеттин финансылык ресурстары, финансынын борборлоштурулган мамлекеттик булактары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мынча күндүн алдында, / Казынага мен барсам, / Жыйып койгон текчеден, / Чачылыптыр маталар, / Жыйнайын деп карасам, / Нурфану деп аты бар, / Алда кандай заман деп, / Келер бекен аман деп, / Мен жүргөнмүн кайгы жеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Казынада элдерге, / Жатып жеген эрлерге, / Жалпы баарың жүргүн, деп, / Жарлык кылды бүт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алтыны кумдай чачылып, / Казына оозу ачылып, / Карып, жалчы, мискиндер, / Миң койлук оокат табышып, / Койун-кончко каткан бар, / Чөнтөгүнөн ашырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошентип талаа мужуктарга, тоо — казынага өтүп, биз күн көрүштөн калдык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кандын казынасын чачты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →