кабыш3

китептерде 36 жолу, 9 китепте кабыш 2 →
  1. Бирин бири тиштешүү (ит, карышкыр ж.б.).
  2. өт. Жаман-жакшы айтышып урушуу, кер-мур айтышуу, ажылдашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Тоо кабышып каңкылдап, / Кээ бир иттин көздөрү, / Чакмак таштай жалтылдап, / Бекбачага жабылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карышкырлар кабышып, / Адырда жүрөт жарышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күн ысып, тери жошулуп, / Мусаапырлык түшкөн кез, / Муңайып көңүлү бузулуп, / Кабагынан кар чыгып, / Мурутуна муз туруп, / Ачкалыктан Алмамбет, / Кабышып карын турган кез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ачык жерге чыкканда, / Карышкыр келет кабышып, / Тобу менен жарышып, / Тобурчак, сени жеп кетет, / Томуктай койбой талашып, / Душманды кантип жеңе алат, / Эр Сомбилек жөө басып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
– Жат, бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →