кабыш2
- Кабырылуу, капшырылуу.
- Карышуу, карышып калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Тоо кабышып каңкылдап, / Кээ бир иттин көздөрү, / Чакмак таштай жалтылдап, / Бекбачага жабылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карышкырлар кабышып, / Адырда жүрөт жарышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күн ысып, тери жошулуп, / Мусаапырлык түшкөн кез, / Муңайып көңүлү бузулуп, / Кабагынан кар чыгып, / Мурутуна муз туруп, / Ачкалыктан Алмамбет, / Кабышып карын турган кез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ачык жерге чыкканда, / Карышкыр келет кабышып, / Тобу менен жарышып, / Тобурчак, сени жеп кетет, / Томуктай койбой талашып, / Душманды кантип жеңе алат, / Эр Сомбилек жөө басып?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
– Жат, бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →