ич2
- Суюктукту же суюк тамакты жутуу.
- Тамактануу.
- Өсүмдүктөр тарабынан сууну керектөө, өзүнө кабыл алуу, сиңирүү.
- сүйл. Ичимдик жутуп коюу, ичкиликке көбүрөөк берилип же кызыгып кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Олуйалар ошолор, / Ынтымагын карачы, / Бирине бири жок экен, / Ичинде чаар аласы, / Ырысын кара Манастын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыйынсынган Байматтын, / Кыйналганын билиптир, / Кыраан Манас солкулдап, / Башкача сонун күлүптүр: / — Онбашым Баймат сен болсоң, / Унуткан кишиң мен болсом, / Мен дале куруп калайын, / Он кишинин ичинде, / Унутулган мен болсом.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…иберлер, / Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, / Катыны элек бир эрди…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бул экөө эл ичиндеги бузукуларды, митаамдардй, кара ниеттерди тазалап жок кылышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →