ич1

китептерде 1896 жолу, 10 китепте ич 2 →
  1. Адамдын, жаныбарлардын ичеккарын орношкон бөлүгү, курсагы.
  2. Курулуштун, имараттын же башка нерселердин ички бөлүгү, ички тарабы.
  3. Кездеменин же кийимдин сыртына карама-каршы жагы, кийимдин астары.
  4. Элдин, көпчүлүктүн, токойдун, кандайдыр бир көп нерсенин ж.б. арасы.
  5. Белгилүү бир мезгил аралыгын, убакыт мезгилин, жашты көрсөткөн убакыт өлчөмүн билдирүүдө колдонулат.
  6. Башкаларга белгилүү болбогон, ачык сыртка чыгарылбаган ой-пикирди, көңүл жайын, абалды билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Олуйалар ошолор, / Ынтымагын карачы, / Бирине бири жок экен, / Ичинде чаар аласы, / Ырысын кара Манастын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыйынсынган Байматтын, / Кыйналганын билиптир, / Кыраан Манас солкулдап, / Башкача сонун күлүптүр: / — Онбашым Баймат сен болсоң, / Унуткан кишиң мен болсом, / Мен дале куруп калайын, / Он кишинин ичинде, / Унутулган мен болсом. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…иберлер, / Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, / Катыны элек бир эрди… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул экөө эл ичиндеги бузукуларды, митаамдардй, кара ниеттерди тазалап жок кылышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →