зордук2

китептерде 57 жолу, 10 китепте зордук 1 →
  1. Чоңдук, алибеттүүлүк, көлөмдүүлүк, олбурлуулук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бербесең мейли атамды, / Чычырып алып богун же, / Күдөрүңдү такыр үз, / Нурфану мага тийет дебе, / Өлүп алып кутулам, / Зордуктап алам дегенде! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кырк жаңжүн ага болбоду, / Тескери мойнун толгоду, / Кырка баары тең туруп: / — Урушсаң, Коңур, сен уруш, / Кыла албайбыз биз уруш, / Зордук кылсаң ушундай, / Кылчайбай бизге кырк бала, / Кыргызга кетет кошулуп, / Жамандашып жүрбөйбүз, / Кан агызып жошулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тапан хандын элинде, / Өңү сүйкүм кыз болсо, / Жез оймок салган колуна, / Элден чыккан уз болсо, / Калтырбай алды баарысын, / Жашы менен карысын, / Зордук кандай экени, / Эми Сейитимден таанысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тиштеп алып бир чөптү, / Ыраңы жашыл көпкөктү, / Эт жеп жүргөн неме экен, / Зордук менен жегизди, / Баласына беришти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Эгер ушул гүл солуп калса, аялымды бирөө зордуктап алып кеткени. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →