зордук1
- Зомбулук, күч колдонуу аракети, бирөөнүн өз эркине, каалоосуна койбой тартып алуу, аргасыз кылуу сыяктуу кысым көрсөтүүчүлүк.
- Күчкө салып басмырлоочулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бербесең мейли атамды, / Чычырып алып богун же, / Күдөрүңдү такыр үз, / Нурфану мага тийет дебе, / Өлүп алып кутулам, / Зордуктап алам дегенде!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кырк жаңжүн ага болбоду, / Тескери мойнун толгоду, / Кырка баары тең туруп: / — Урушсаң, Коңур, сен уруш, / Кыла албайбыз биз уруш, / Зордук кылсаң ушундай, / Кылчайбай бизге кырк бала, / Кыргызга кетет кошулуп, / Жамандашып жүрбөйбүз, / Кан агызып жошулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тапан хандын элинде, / Өңү сүйкүм кыз болсо, / Жез оймок салган колуна, / Элден чыккан уз болсо, / Калтырбай алды баарысын, / Жашы менен карысын, / Зордук кандай экени, / Эми Сейитимден таанысын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тиштеп алып бир чөптү, / Ыраңы жашыл көпкөктү, / Эт жеп жүргөн неме экен, / Зордук менен жегизди, / Баласына беришти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Эгер ушул гүл солуп калса, аялымды бирөө зордуктап алып кеткени.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →