жөргөмүш2
- Конок сыяктуу баш алып чыгып, даны желе турган жапайы тоо өсүмдүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Козу кулак, жоогазын, / Балжууран, ышкын, кемирчек, / Кымыздык менен бээ эмчек, / Кончуңа толуп бастырбай, / Куйулуп жатат жөргөмүш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чыр чыгарса Семетей, / Кыймылдатып кебелтпей, / Жылдырбай байлап алам — деп, / Жөргөмүш торун жайыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Сейит чал жылкычы чымчык болуп жөргөмүшту эми тиштеймин дегенде, Чыныбек асманга турумтай болуп учту.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →