жөргөмүш1

китептерде 4 жолу, 4 китепте жөргөмүш 2 →
  1. Тарткан желесине чымын-чиркейлерди чалынтып, ошону менен азыктануучу муунак-муунак буттуу майда жандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Козу кулак, жоогазын, / Балжууран, ышкын, кемирчек, / Кымыздык менен бээ эмчек, / Кончуңа толуп бастырбай, / Куйулуп жатат жөргөмүш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чыр чыгарса Семетей, / Кыймылдатып кебелтпей, / Жылдырбай байлап алам — деп, / Жөргөмүш торун жайыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Сейит чал жылкычы чымчык болуп жөргөмүшту эми тиштеймин дегенде, Чыныбек асманга турумтай болуп учту. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →