жут2

китептерде 147 жолу, 10 китепте жут 1 →
  1. Ооздогу тамакты, суютукту, тоютту ж.б. алкым булчуңдарынын кыймылы менен кызыл өңгөч аркылуу ич жакты көздөй өткөрүү, ичүү.
  2. сүйл. Ичкилик ичип алуу.
  3. Сиңирүү, соруп алуу.
  4. Жок кылуу, өлтүрүү, кыйратуу, түбүнө жетүү, жоготуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жутуп ийчү немедей, / Эки көзү чакчайып, / Албаган сакал-муруту, / Кокодой болуп бак жайып, / Айтып турду Медеркан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айкөл чыгып калды эле, / Манастын аты чыкканда, / Балаадан Баймат кутулуп, / Алгыр куштай жутулуп, / Кыйкырып Баймат барыптыр, / Кызык болуп калыптыр: / — Баатыр сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөөсүз өлө жаздым,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүйрөп келди беш күптү, / (Жыкбы, бөксө, билбейим) / Бешөөнү башка беш жутту, / Канбады окшойт суусуну, / Тоңкойуп жатып суу жутту, / Айак жагын агындын, / Так какшатып кургатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көзү көлдүн буткулдай, / Көрүнгөндү жуткудай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Соолгон көлдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →