жут1

китептерде 147 жолу, 10 китепте жут 2 →
  1. Жазга жуук жем-чөп түгөнгөн кезде капыстан кар калың түшүп, мал талаадан оттой албай өлүмгө учураган аба ырайынын оор шарты, кысымы.
  2. Жем-чөптү тез короткон, көп жеген, ачкорок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жутуп ийчү немедей, / Эки көзү чакчайып, / Албаган сакал-муруту, / Кокодой болуп бак жайып, / Айтып турду Медеркан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айкөл чыгып калды эле, / Манастын аты чыкканда, / Балаадан Баймат кутулуп, / Алгыр куштай жутулуп, / Кыйкырып Баймат барыптыр, / Кызык болуп калыптыр: / — Баатыр сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөөсүз өлө жаздым,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүйрөп келди беш күптү, / (Жыкбы, бөксө, билбейим) / Бешөөнү башка беш жутту, / Канбады окшойт суусуну, / Тоңкойуп жатып суу жутту, / Айак жагын агындын, / Так какшатып кургатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көзү көлдүн буткулдай, / Көрүнгөндү жуткудай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Соолгон көлдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →