жойкума

китептерде 25 жолу, 5 китепте жойкума (1) →
  1. Өткүр кылычтын бир түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каары келип камыгып, / Карчыгадай кагынып, / Жаалысы чыгып жүзүнөн, / Жалынын чыгып көзүнөн, / Жайдары тууган Бактыбай, / Кара болот Жойкума, / Кармай алды сабынан, / Сууруп алды кабынан, / Билегин чыңдап чыйратып, / Бет келген жагын талкалап, / Аралап кирди Бактыбай, / Күчү кетип талыкпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жөө чыкканга жойкума – / Болутум бар колумда, / Мергениңе, Дабытай, / Аленгир жаа, сур жебе, / Асынып турам жонумда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жойкумасын эр Сыргак, / Кармай алып сабынан, / Сууруп алып кабынан, / Бир булгалап ийгенде, / Чириген танап эмече, / Быдырап баары сөгүлдү, / Торлору бир жүз сексенче. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ат тартарга айла жок, / Бирин бири сайганы, / Жандай түшүп эр Сейит, / Жойкуманы бир шилтеп, / Катар башын алганы, / Капталдан келген немесин, / Как бөйрөктөн жарганы, / Куткарбаска бел болчу, / Төрттү катар жалмады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алдастап анда Каныкей: / — Кана балам Айчүрөк, / Кара болот Жойкума? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →