жойкума
- Өткүр кылычтын бир түрү (эпостордо).
- Сүмбө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каары келип камыгып, / Карчыгадай кагынып, / Жаалысы чыгып жүзүнөн, / Жалынын чыгып көзүнөн, / Жайдары тууган Бактыбай, / Кара болот Жойкума, / Кармай алды сабынан, / Сууруп алды кабынан, / Билегин чыңдап чыйратып, / Бет келген жагын талкалап, / Аралап кирди Бактыбай, / Күчү кетип талыкпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жөө чыкканга жойкума – / Болутум бар колумда, / Мергениңе, Дабытай, / Аленгир жаа, сур жебе, / Асынып турам жонумда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жойкумасын эр Сыргак, / Кармай алып сабынан, / Сууруп алып кабынан, / Бир булгалап ийгенде, / Чириген танап эмече, / Быдырап баары сөгүлдү, / Торлору бир жүз сексенче.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ат тартарга айла жок, / Бирин бири сайганы, / Жандай түшүп эр Сейит, / Жойкуманы бир шилтеп, / Катар башын алганы, / Капталдан келген немесин, / Как бөйрөктөн жарганы, / Куткарбаска бел болчу, / Төрттү катар жалмады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Алдастап анда Каныкей: / — Кана балам Айчүрөк, / Кара болот Жойкума?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →